• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бул оюн биз үчүн өзгөчө мааниге ээ — Таркович Оман менен болчу эртеңки беттеш тууралуу

Спорт 0


Бишкек, 19.06.23. /Кабар/. CAFA Nations Cup 2023 турниринин коло медалы үчүн Кыргызстан менен Омандын курама командалары беттешмекчи. Оюн эртең, 20-июнда Ташкенттеги "Пахтакор" стадионунда өтөт (19:30). Аталган эки команда тең өз тайпаларында экинчи орунду ээлеген.

Ал эми эл аралык мелдештин алкагында өз тайпаларынын жеңүүчүлөрү болгон Өзбекстан менен Ирандын курамалары финалда ойношот. Беттеш "Бунёдкор" (20:30) стадионунда өтөт.

Кыргызстандык футболчулар Ташкент мамлекеттик транспорт университетинин базасында машыгууларды өткөрүшүүдө. Башкы машыктыруучу Штефан Таркович баштаган машыктыруучулар штабы командага 23 оюнчуну чакырган.

Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович эртеңки беттеш тууралуу пикирин билдирип, футболчулар жакшы оюн көрсөтүүгө даяр экендигин айтты.

"Турнирдин коло медалдары үчүн ойноо биз үчүн сыймык. Биз команданы алдыдагы беттешке даярдоого болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Эртеңки оюн биз үчүн өзгөчө мааниге ээ, анткени Оман курама командасы алдыдагы Азия Кубогунда тайпа боюнча атаандашыбыз болуп саналат. Бул абдан маанилүү беттеш болот, эртең жакшы оюн көрсөтүүгө даярбыз деп ойлойм", - деди ал.

Ал эми улуттук кураманын жарым коргоочусу Алимардон Шукуров футбол күйөрмандарын эртең жакшы оюн жана мыкты жыйынтык менен кубандырууга аракет кылышарын кошумчалады.

"Биз жакшы оюн көрсөтүүгө аракет кылабыз. Баарына белгилүү болгондой, мурунку беттешибиз ийгиликтүү болгон жок, андыктан күйөрмандарыбызды эми жакшы жыйынтык менен кубандыргыбыз келет", - деди жарым коргоочу.

Кыргызстандын улуттук курамасынын оюнчулары:

Дарбазачылар:
- Эржан Токотаев;
- Антон Коченков;
- Султан Чомоев.

Коргоочулар:
- Християн Браузман;
- Айзар Акматов;
- Кайрат Изаков;
- Суйунтбек Мамыралиев;
- Кайрат Жыргалбек уулу;
- Тамирлан Козубаев;
- Валерий Кичин.

Жарым коргоочулар:
- Эрбол Атабаев;
- Одилжон Абдурахманов;
- Турсунали Рустамов;
- Алимардон Шукуров;
- Гулжигит Алыкулов;
- Атай Джумашев;
- Кай Мерк;
- Бактыяр Дуйшобеков.

Чабуулчулар:
- Жоэль Кожо;
- Эрнист Батырканов;
- Эльдар Молдожунусов;
- Мирлан Мурзаев;
- Антон Землянухин.

Кыргызстан - Оман беттешин "Кыргыз Спорт ТВ", ошондой эле Setanta Sports аянтчалары түз алып көрсөтөт.

Кыргызстандык колдоочулар үчүн Ташкентке бир күндүк тур уюштурулат. Каалоочулар бул шилтеме аркылуу кайрылышса болот.

Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын январь айында старт ала турган Азия Кубогунда Оман курамасы Кыргызстандын тайпа боюнча атаандашы.


Маалымат үчүн: CAFA Nations Cup-2023 - Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн курама командалары үчүн өткөрүлө турган футболдук мелдеш. Ага Афганистан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Оман жана Өзбекстандын курама командалары катышууда. Эл аралык мелдеш быйыл биринчи жолу өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий