• 87
  • 90.55
  • 0.84

Быйыл айдоо аянтын 6 миң гектарга көбөйтүү пландалууда – Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Быйыл айдоо аянттарын 6 миң гектарга көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда жалпы айдоо аянты 1 млн 226 миң гектарды түзөт.

“Быйыл дан кылкандуу эгиндерден буудайга жана тоют боюнча – арпа менен жүгөрү айдоого, мындан тышкары, азык-түлүк коопсуздугунун негизинде кант кызылчасын жана өсүмдүк майынын сырьесун өстүрүүгө басым жасалат”, - деди министрдин орун басары.

Ал өткөн жылы кургакчылыктын айынан кант кызылчасынын аянты 9,5 миң гектарга чейин азайып кеткен, бул жылы анын аянтын 14,5 миң гектарга чейин көбөйтүү пландалып жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары, бүгүнкү күнгө карата 12,5 миң гектарга жете турган үрөн таратылды.

“Өзүбүздү толук азык-түлүк менен камсыздоо үчүн 44-45 миң гектарга күнкарама эгилиши керек, бүгүнкү күнгө карата анын 50%на жеттик. Иштер уланууда”, - деди ал.

Ал ошондой эле жашылча айдоо көлөмүнүн көрсөткүчтөрү былтыркы жылдын деңгээлинде сакталып жатканын, бирок быйыл картошка айдоо аянтын 77 миң гектарга жеткирүү пландалып жатканын, 2021-жылы 72 миң гектар аянтты түзөрүн баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий