• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

"Булбулум, булбулум ай" — Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин ырлар жыйнагынын бет ачары өтөт

Маданият 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ак таңдай төкмө акын, манасчы, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиевдин "Булбулум, булбулум ай" аттуу обондуу ырлар жыйнагынын бет ачары өтөт.

Республикалык "Айтыш" коомдук фондунан билдиришкендей, иш-чара 20-апрелде Улуттук тарых музейинде өтөт. Башталышы саат 15:00.

Иш-чарада төкмө акындын обондору ырдалып, ырлары окулат, ошондой эле сүрөт көргөзмөсү уюштурулат.

Эске салсак, Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын апрель айында 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Эл артисти 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген.

Пикир

Оставить комментарий