• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бурулайдын өлүмү боюнча иш: Жактоочу дагы бир күбөдөн сурак алууну суранды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.11.18. /Кабар/. Бурулайдын өлүмүнүн соттук иши боюнча соттолуучу Марс Бодошовдун жактоочусу маркумдун тууганы, окуянын дагы бир күбөсү Каныкейден сурак алууну суранды.

Свердлов райондук сотунда бүгүн, 28-ноябрда Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн имаратында өлтүрүлгөн Бурулайдын иши боюнча соттук териштирүү уланды.

Жактоочу Бодошовдун денесинде бычактан алынган 5 жаракат бар экендигин айтты.

“Адам өзүнө бычак сайышы мүмкүнбү, эксперттерден сурак алуу керек. Дарыгер мага адам өзүнүн ичине 3-4 жолу бычак сайышы мүмкүн эмес экендигин айтты. Бурулайдын тууганы Каныкейден дагы күбө катары сурак алууну суранам. Ал экөөнүн мамилеси тууралуу билчү”, - деди жактоочу.

Төрагалык кылган судья Санжар Чотонов сунушка макул болгон жок, процесс эртеңкиге калтырылды.

Эске салсак, 2018-жылдын 27-майында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн имаратында 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызы өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө кызды үйлөнүү максатында ала качкан Марс Бодошев күнөөлөнүүдө. Ал милициянын кабыл алуу бөлүмүндө кызга бычак сайган соң, өзүн да жарадар кылган.

Пикир

Оставить комментарий