• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бустон шаарында кыргыз-тажик чек ара сызыгынын өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштар талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 08.07.24. /Кабар/. 2024-жылдын 1-июлунан 6-июлуна чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү.

Бул жолугушуунун жүрүшүндө тараптар талкууну улантып, калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашты.

Тараптар бул ишти Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантат.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Пикир

Оставить комментарий