• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

БУУ ДАП бир катар өлкөлөргө соцкелишим долбоорун колдонууну сунуштады — эмне үчүн?

Коом 0

Бишкек, 13.05.23./Кабар/. Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАП) 2022-жылы социалдык келишим долбоорун жакырчылыктан чыгуунун эң эффективдүү моделдеринин бири катары таанып, бул моделди башка өлкөлөргө социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдонууну сунуштады.

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, президент Садыр Жапаровдун бул демилгеси үй-бүлөлөрдү ишкерликке тартуу аркылуу оор турмуштук кырдаалдан чыгарууга багытталган.

2022-жылы 2 миң 800 аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекеттен 100 миң сом алып, киреше алып келүүчү бизнес-пландарын (күнөскана, таш таман өндүрүү, унаа оңдоо, ширетүү, мал жана жеке чарба ж.б.) ишке ашырып башташкан.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча бизнес-пландардын 59%ы айыл чарба, 24%ы өндүрүш, 17%ы соода жана тейлөө тармагында аткарылган.

Долбоорду ишке ашыруу менен 15 миңдей адамдын, анын ичинен 8 миңден ашык баланын жашоо-тиричилиги жакшырды.

2023-жылы 10 миң аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам көрсөтүү үчүн министрлер абинети тарабынан республикалык бюджеттен 1036 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө 10 миң 796 арыз түшүп, анын ичинен 9 миң 500 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр тандалып алынган.

БУУ ДАПы бул моделди башка өлкөлөргө социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий