БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тааныштырылды

Саясат 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Бүгүн Тышкы иштер министрлигинде БУУнун Борбордук Азия үчүн Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгү тааныштырылды.

Иш-чара тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев баштаган министрлик жана ведомстволорунун өкүлдөрүнүн катышып, өкүлчүлүктүн башчысы Матильда Богнер аталган башкармалыктын ишмердүүлүгү тууралуу кенен айтып берди.

Анын жүрүшүндө Богнер катышуучуларды башкармалыктын мандаты, учурдагы ишмердүүлүгү жана жетишилген натыйжалары, ошондой эле 2024-2027-жылдарга карата пландар жана стратегиялар жөнүндө маалымат менен тааныштырды. Тактап айтканда, БУУнун комитеттеринде адам укуктары боюнча улуттук баяндамаларды даярдоодо жана бул чөйрөдөгү республиканын мыйзамдарын өркүндөтүүдө аталган башкармалык тарабынан колдоо көрсөтүлгөн.

Ал катышуучуларга өкүлчүлүк Кыргызстандагы гендердик зомбулук жана айлана-чөйрө боюнча кырдаалга баа берүү боюнча иштерди жүргүзүүнү пландаштырып жатканын маалымдады. Анын жыйынтыгы боюнча республиканын компетенттүү мамлекеттик органдары менен керектүү чөйрөлөрдөгү колдоонун багыттарын жана көлөмүн аныктоо үчүн консультациялар өткөрүлөрүн билдирди.

Ошондой эле Богнер өз сөзүндө Кыргызстанга чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу үчүн адам укуктарынын сакталышынын маанилүүлүгүн белгиледи.

"Инвесторлор сот системасынын көз карандысыздыгына, басма сөз эркиндигине, коррупция, менчик укуктарын коргоого, эмгекчилердин укуктарын сактоого, аялдар менен эркектердин эмгек акысынын теңсиздигине, өлкөдөгү экологиялык, социалдык жана башкаруу критерийлерине өзгөчө көңүл бурат", - деди ал.

Презентациядан кийин министрлик жана ведомстволордун өкүлдөрү АУЖК башкармалыгынын аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысына республикадагы адам укуктарынын абалынын деңгээлин баалоого таасир этүүчү рейтингдер, өлкөдөгү зомбулукка каршы аракеттенүүнүн деңгээлин аныктоо боюнча бирдиктүү статистикалык сайтты түзүү мүмкүнчүлүгү жана адам укуктары жаатында ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзүүдө кызматташуу боюнча бир катар суроолорун беришти.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар АУЖК башкармалыгынын аймактык өкүлү Матильда Богнерге маалымат бергендиги үчүн ыраазычылык айтышып, кызматташуунун мындай форматы келечекте туруктуу негизде улантыларына ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий