БУУнун башкы катчысынын Кыргызстанга иш сапары – фоторепортаж

Коом 0

Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш иш сапары менен Кыргызстанга келди.

Иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорлорунун бирине барды.

Тараптар БУУнун алкагында кызматташтыктын абалы жана келечегин талкуулашып, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Жолугушууда президент Садыр Жапаров 5576 метр бийиктиктеги чокулардын бирине "Бириккен Улуттар Уюму чокусу" аталышы берилгенин билдирди.

Расмий жолугушуудан кийин президент Садыр Жапаров менен БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборуна барышты.

Президент сый-урмат катары ардактуу конокко улуттук аспап – комуз белек кылды.

Андан соң КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн брифинг өткөрүштү.

Пикир

Оставить комментарий