• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

БУУнун Женевадагы кеңсесинде Кыргызстандын жаңы туусу көтөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Ушул жылы 29-февралында элчи Омар Султанов жана Кыргызстандын Бириккен улуттар уюмунун Женевадагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык кызматкерлери БУУнун Женевадагы кеңсесинде Кыргызстандын мамлекеттик желегин көтөрүү аземине катышты.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, азем БУУнун Ардактуу кароолунун катышуусунда салтанаттуу кырдаалда өттү.

Мамлекеттик желектин жаңыланган дизайны расмий түрдө БУУнун Протоколдук кызматынын реестрине КР мамлекеттик символдорунун ажырагыс атрибуту катары киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий