Быйыл 10 айда Кыргызстанда куткаруучулар 221 адамдын өмүрүн сактап калган

Коом 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Быйыл 10 айда Кыргызстанда куткаруучулар 221 адамдын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл 10 айда өрт кырсыгынан 102 адам, жол кырсыгынан - 74, экстремалдык абалдан - 44 жана көлмөдөн 1 адам куткарылган.

Андан тышкары куткаруучулар 829 адамга жардам берип, анын ичинде 33 адамга дарыгерге чейинки жардам, күтүүсүз жагдайга туш болгон 392 адамга жардам көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий