Бишкек, 29.11.24. /Жазгүл Мадинова - Кабар/. Быйыл “40 райондон 40 демилге” долбоорунун жеңүүчүлөрүнүн 50 пайызын айымдар түздү. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан ишкер айымдардын форумунда белгилүү болду.
Кыргызпатент мамлекеттик мекемесинен билдиргендей, креативдүү, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында түзүлгөн аталган долбоорго катышкан айымдардын саны жыл сайын өсүүдө.
Алсак, 2022-жылы долбоорго 98 өтүнмө келип түшсө, анын 31 пайызын айымдар түзгөн. Ал эми жеңүүчүлөрдүн 25 пайызы аялзаты. 2023-жылы 245 өтүнмө келип түшсө, анын 106 өтүнмөсү айымдарга таандык. Бул жылы жеңүүчүлөрдүн 35,5 пайызы айымдар болгон. Ал эми быйыл – 206 өтүнмө келип түшсө, анын 100ү же дээрлик 50 пайызы айымдардын ойлоп табуулары. Жеңүүчүлөрдүн ичинен да айымдардын катышуусу жылдан-жылга өсүп, быйыл 50 пайызга жетти.
Расмий маалымат боюнча, илим тармагында эркектерге караганда айымдар көбүрөөк алектенет. Бишкекте 2023-жылы илимдин 31 докторунун ичинен 13 эркек жана 18 аял, ушул эле илимдин 139 кандидатынын ичинен 57 эркек жана 82 аял.
Эскерте кетсек, «40 райондон – 40 демилге» инновациялык демилгелерди тандоо долбоорун Кыргызпатент мамлекеттик мекемеси ишке ашырып келет. Долбоор өлкөнүн региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн экономиканы, илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарында инновациялык долбоорлорду стимулдаштырууга жана илгерилетүүгө багытталган. Буга катар тандалып алынган бир инновациялык демилгени ишке ашырууга 1 млн сомго чейин акча каражаты берилет.
Пикир
Оставить комментарий