• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Быйыл 400 млрд сомго бааланган айыл чарба азыктарын өндүрүү күтүлүүдө – президент

Экономика 0

Бишкек, 21.10.24. /Кабар/. Быйыл аба ырайынын жана климаттын жагымдуу таасиринен улам, айыл чарба азыктарын 400 млрд сомдун тегерегинде өндүрүү, ал эми анын өсүү темпи 107 пайызды түзөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров күн мурун өлкөнүн агроөнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамына карата куттуктоосунда айтты.

Анын айтымында, айыл чарба секторунун мал чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай тармактарында макроэкономикалык көрсөткүчтөр толугу менен жетишилди. Мунун бардыгы республиканын агроөнөр жай комплексинин туруктуу өнүгүшүн ырастайт.

Президент белгилегендей, мамлекет тарабынан айыл чарба өндүрүшүн колдоо максатында Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында 7 инвестициялык долбоор, ошондой эле “Айыл чарбасын каржылоо”, “Агроөнөр жай комплексин насыялоо” долбоорлору, ирригация тармагын каржылоо, айыл чарба техникаларынын лизинги ийгиликтүү ишке ашырылып келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий