Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. Быйыл бажы төлөмдөрү былтыркыга салыштырмалуу 9,5 млрд сомго көп чогултулду.
Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, 2024-жылдын бажы төлөмдөрү боюнча такталган болжолу толугу менен аткарылды. Бул көрсөткүч буга чейин 121 млрд сом деп бекитилген.
24-декабрга карата чогултулган бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 2023-жылдын жылдык кирешесинен 9,5 млрд сомго ашты. Быйылкы жылга 117 млрд 356,5 млн сомду түзгөн кирешенин баштапкы болжолу 13-декабрда мөөнөтүнөн мурда аткарылганы айтылды.
Мамлекеттик бажы кызматы мындай жогорку натыйжаларга жетүү үчүн бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүүгө жана тездетүүгө, өткөрүү пункттардын жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө жана контрабандага каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган комплекстүү иштер жүргүзүлгөнүн белгиледи.
Жылдын аягына чейин алдыга коюлган милдеттерди аткарууну улантуу жана такталган пландын ашыкча аткарылышын болжолдоо өлкөнүн бюджетине кошумча салым кошот.
Пикир
Оставить комментарий