• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Быйыл биринчи кыргыз-гамбург бизнес форуму өтөт – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы биринчи жолу кыргыз-гамбург бизнес форумун өткөрүү макулдашылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай макулдашууга Гамбург соода палатасынын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча комитетинин отурумунда жетишилди, анда КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев менен Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев ардактуу конок катары катышты.

Темир Сариев өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын инвестиция жана кыргыз продукциясын экспорттоо жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, энергетика, тоо-кен өндүрүшү, туризм, логистика жана кыргыз продукциясын экспорттоо кызматташтыктын артыкчылыктуу багыты катары белгиледи.

Элчи Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө Кыргызстандын кыргыз-герман экономикалык кызматташтыгынын кеңейишине оң таасирин тийгизе турган артыкчылыктарына кеңири токтолду.

Герман бизнесинин өкүлдөрү логистика, минералдык ресурстар, кайра жаралуучу энергия булактары жана органикалык азык-түлүктөрдү Кыргызстандан жеткирүү жаатында кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий