• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Быйыл Бишкек ЖЭБин атамекендик компаниялар 180 миң тонна көмүр менен камсыздайт

Экономика 0

Бишкек, 02.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Быйыл Бишкек ЖЭБин атамекендик жеке компаниялар 180 миң тонна көмүр менен камсыздайт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бишкек ЖЭБине 1 млн тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө ЖЭБде былтыркы кыштан калган 205 миң тонна кара отун бар.

“Президенттин тапшырмасы менен жылдан жылга көмүрдү импорттоону азайтуу керек. 2023-жылы 550 миң тонна көмүр алсак, быйыл 250 миң тонна көмүр алабыз. Калган 180 миң тоннаны “Ак улак” көмүр кенинен өзүбүздүн атамекендик компаниялар камсыз кылат. Кара-Кече көмүр кенинен “Кыргыз көмүр” ишканасы 750 миң тонна көмүрдү алып келет. Кабак көмүр кени менен 520 миң тонна көмүргө келишим түзүлдү. Таш-Көмүр кенинен 50 миң тонна көмүр алынат", - деди министр.

Ошондой эле ал өлкө боюнча жалпы 55,3 миң тонна мазут керектелерин айтты.

“Ош ЖЭБине 23 миң тонна күйүүчү мазут керектелет. Азыр ЖЭБде былтыркыдан калган 7,8 тонна мазут бар. Бишкек ЖЭБине 8 миң тонна күйүүчү мазут керектелет. Өткөн жылдан арткан 1 тоннага жакын мазут бар”, - деп кошумчалады Ибраев.

Пикир

Оставить комментарий