Быйыл Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги саммити өтөт

Саясат 0

Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы октябрь айында Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги саммити өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев иш сапары менен Бишкекке келген аталган уюмдун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугуп, октябрь айында Бишкекте өтүүчү ТМУнун кезектеги 11-саммитин кеңири талкуулашты.

Министр Кулубаев буга чейинки саммиттердин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган мамлекет башчыларынын тапшырмаларын ишке ашыруунун, ошондой эле 2024-жылы Кыргызстанда пландаштырылган иш-чараларды уюштурууда ТМУ катчылыгынын көмөк көрсөтүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий