Быйыл Бишкектин Түрдүк РЭТи 22 трансформаторду алмаштырат

Коом 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. 2024-жылдын иш планына ылайык, Бишкек электр тармактар ишканасынын Түндүк РЭТи 22 трансформаторду алмаштырып, кубаттуулугун жогорулатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле 85 трансформатор оңдолуп, 10 даана комплектүү көмөк чордондордун шкафтарын алмаштырылат жана 1 кошумча трансформатор орнотулат.

Мындан тышкары, Түндүк РЭТинде 493 трансформаторлор, 10/06/0,4 кВ чыңалуудагы 920 км аба чубалгылары жана 75 км кабелдик чубалгылары техникалык тейлөөдөн өтөт.

Ошондой эле быйыл 3,8 чакырым кабелдик чубалгыларды реконструкциялоо жана 2,5 чакырымдан ашык аба чубалгыларын заманбап СИП-3 зымына алмаштыруу иштери пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, аткарыла турган иштер керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий