• 87
  • 90.41
  • 0.84

Быйыл "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясын өткөрүүгө 438 млн сом жумшалат

Коом 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Быйыл салык кызматынын "Чекти талап кыл жана байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясын уюштурууга республикалык бюджеттен 438 млн сом бөлүү пландаштырылууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин тиешелүү буйругу "Токтом" маалыматтык-укуктук порталына жарыяланды.

Документке ылайык, бул каражат төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:
- байге фондуна 200 млн сом;
- чек чыгаруучу принтер орнотуу менен контролдук-кассалык машиналарды сатып алууга 200 млн сом;
- лотереяны өткөрүүгө байланышткан чыгымдарга 20 млн сом;
- салык кызматынын кызматкерлери үчүн планшеттерди сатып алууга 18 млн сом.

Лотереяны Мамлекеттик салык кызматы уюштурат. Каражаттын чыгымдалышы боюнча квартал сайын Финансы министрлигине отчет берип турууга милдеттенет. Ишке чыгаруу датасы азырынча жарыялана элек. Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматына лотерея өткөрүүгө лицензия берүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий