Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Быйыл Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан дыйкандарга 4,6 млрд сомго 1193 техника жеңилдетилген шарттарда лизингге берилди.
Ведомстводон маалымдашкандай, ал эми дыйкандарды айыл чарба техникалары менен камсыздоо боюнча долбоор башталган тарта бардыгы болуп 18,2 млрд сомго 7 107 даана техника берилген.
Белгилей кетсек, акыркы жылдары Айыл чарба министрлиги тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо үчүн бир катар иш-чаралар аткарылып жатат.
Дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен КР министрлер кабинетинин колдоосунун негизинде "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ААКтар аркылуу 7 лизинг долбоору түзүлүп, айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингге берүү ишке ашырылып келет.
Банктар аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингге айыл чарба техникаларынын бардык түрлөрү, кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулары жеңилдетилген шарттарда жылдык үстөк пайызы 6% менен 7 жылдык мөөнөткө лизингге берилүүдө.
Пикир
Оставить комментарий