• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Быйыл Кыргызстан Кытайга ири көлөмдө өрүк экспорттойт

Экономика 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Быйыл Кыргызстан Кытайга ири көлөмдө өрүктү экспорттойт. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министрдин орун басары Мирбек Дуйшеев менен Tianhuan ECO International Economy & Trade Nanjing Co. Ltd компаниясынын башкы директору Чу Цюшинин "Агро Баткен" ЖЧКсынын башкы директору Ж. Шакировдун жолугушуусунда айтылды.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандан Кытайга дарбыз жана бакча-жемиш продукцияларын экспорттоо боюнча кызматташуунун келечеги жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Тараптар өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүү жолдорун карап чыгып, экспорт көлөмүн көбөйтүү жана кыргыз-кытай ишканаларынын бизнес байланыштарын бекемдөө боюнча конкреттүү кадамдарды талкуулашты. Жолугушууда продукциянын сапатын камсыз кылуу жана бардык зарыл эл аралык стандарттарды сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Tianhuan ECO International Economy & Trade Nanjing Co. Ltd компаниясы менен "Агро Баткен" ЖЧКсынын ортосунда Кытайга ири көлөмдө өрүк жеткирүү боюнча келишимге кол коюлду. Бул айыл чарба тармагында эки тараптуу кызматташуунун жогорку мүмкүнчүлүгүн көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий