Быйыл Кыргызстанда 100 ири өндүрүш долбоору ишке кирүүсү күтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда 100 ири өндүрүш долбоору ишке кирүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Deutsche Welle каналына интервью берип жатып айтты.

Анын айтымында, мурдагы жетекчилер экономиканы эмгек мигранттарынын эсебинен кармалып турган деңгээлге чейин жеткирген.

"Азыр муну жеңип өттүк, учурда Кыргызстан өлкөнүн ичинде жумушчу күчтөрүн түзүүгө максат койду. Бул жылы мамлекет башчынын жана министрлер кабинетинин жетекчилиги астында 100 ири өндүрүш долбоорунун ачылышы күтүлүүдө. Ал эми бүгүнкү күндө өлкө ичинде эмгек ресурстарынын жетишсиздигине туш болуп жатабыз. Бул бурулуш учур жана беш жылдан кийин биздин өлкө таанылгыс болуп өзгөрөт", - деди чиновник.

Пикир

Оставить комментарий