• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Быйыл Кыргызстанда 11-классты 58,7 миң жана 9-классты 103,6 миң окуучу аяктайт – Жусупбекова

Билим 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда 11-классты 58,7 миң жана 9-классты 103,6 миң окуучу аяктайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

"Быйыл 9-классты 103 миң 670 окуучу, ал эми 11-классты 58 миң 730 окуучу аяктап жатат. 9 жана 11-класстын окуучулары адаттагыдай эле жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өтүшү керек, жөнөкөй тил менен айтканда мамлекеттик сынактарды тапшырышат. Быйыл анын форматы биз өзгөртүлдү. Ал кандайча болот? Ар бир мектептин директору жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодо көрсөтүлгөн 4 негизги сабак боюнча төрт предметтик комиссия түзүү боюнча буйрук чыгарат. Ар бир предметтик комиссияга 3-5 киши кирет. Класс жетекчи, сынак тапшырылуучу сабактан берген мугалим комиссияга ар бир окуучу тууралуу маалымат топтоп берет. Алар чейректик баалар, жарым жылдык, жылдык баалар, жыйынтыктоочу текшерүү иштери, лабораториялык иштер, окуучунун кайсы бир жетишкендиктери, мисалы олимпиадага катышкандыгы, аны жеңгени ж.б. сынактарга катышканы тууралуу маалыматтар болот. Предметтик комиссия жалпы жетишкендиктеринин негизинде жыйынтыктоочу бааны коет. Ал экзамендик баа болуп эсептелет", - деп ал, айрым сабактар тереңдетилип окутулган мектептер бешинчи жана тандоо сынактарын өткөрө алышарын жана ага окуучулар өз калоосу менен катыша аларын билдирди.

Ал белгилегендей, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин болуп өтөт.

Анын айтымында, предметтик комиссия жыйынтыктоочу бааларды койгондон кийин класс жетекчи окуучуларга сынактын жыйынтыктарын жөнөтөт. Окуучулар алган бааларына ыраазы болсо, баалар ошол боюнча калтырылат. Ал эми кандайдыр бир себептер менен жыйынтыктоочу баа окуучуну канааттандырбаса, ал талаш-тартыш комиссиясына кайрыла алат. Ал комиссия баа коюлган сабактын мугалими, класс жетекчиси менен маектешип, кошумча материалдарды карап чыгып, башка баа коет же алгачкы коюлган бааны калтырат.

Пикир

Оставить комментарий