Бишкек, 27.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Быйыл Кыргызстанда 43 миң 763 жаңы жумуш оруну түзүлдү. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров билдирди.
Анын айтымында, социалдык келишим аркылуу 32 миң 869, акы төлөнүүчү коомдук жумуштар – 10 миң 394тө жетсе, жеке асисстент боюнча – 500 адам жумуш менен камсыздалган.
“Министрликтин ишинин бирден бир артыкчылыктуу багыты бул калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү болуп саналат. 2024-жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча жалпысынан алганда эмгек рыногунда кырдаал туруктуу болду. Расмий статистикалык маалыматка ылайык, акыркы эки жылда республика боюнча жалпы жумушсуздуктун саны 14,7%га төмөндөдү. 2024-жылдын 11 айында расмий жумушсуз макамы менен 53,9 миң адам турган. 2023-жылдын ушул мезгилинде бул сан 70,2 миң адамды түзгөн”, - деди ал.
Ошондой эле Равшанбек Сабиров 11 айда 15 миңден ашык адам ишке орноштурулганын кошумчалады.
Пикир
Оставить комментарий