• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Быйыл Кыргызстанда 58 бүтүрүүчү президенттин колунан "алтын сертификат" алды. Тизме

Президент 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкөнүн жалпы билим берүү мекемелеринин "алтын сертификаттын" ээси болгон бүтүрүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи өттү.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, анда Садыр Жапаров "алтын сертификат" ээлерине жана жогорку балл алгандарга КР президентинин мактоо грамоталарын жана эстелик белектерин тапшырды.

Быйыл Кыргызстандын мектептеринин 58 бүтүрүүчүсү "алтын сертификат" менен сыйланышты, анын ичинде:

  • Гордаева Аминат – Бишкек шаарынын Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектеби;
  • Оморов Максат – Бишкек шаарынын № 29 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  • Эркинбекова Эльнура – Талас облусунун “Мээрим-Себат” Талас эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейи;
  • Абдиманнанов Самарбек – Баткен облусунун “Семетей” Кадамжай лицейи;
  • Айдарбеков Рамазан – Нарын облусунун Субакожоев атындагы Нарын лицейи;
  • Дудникова Дарина – Бишкек шаарынын № 65 Экология-экономикалык лицейи;
  • Сатимбаев Исабек – Ош шаарынын “Олимп” мектеп-гимназиясы;
  • Сталбеков Баястан – Жалал-Абад облусунун Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи;
  • Темиркулов Бек – Токмок шаарынын Баласагын атындагы Токмок лицейи;
  • Бекмухамбетов Асхат – Бишкек шаарынын Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  • Жантаев Шабдан – Бишкек шаарынын Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  • Инаркиев Ричард – Бишкек шаарынын “Келечек” окуу-тарбия комплекси;
  • Абазбеков Нуржан – Бишкек шаарынын Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  • Абдыжапарова Айназик – Ош шаарынын Профессор Купуев атындагы Академиясы;
  • Бозоев Эльмар – Бишкек шаарынын “Билимкана” Эл аралык мектеби;
  • Дөөлөтбекова Айганыш – Нарын облусунун Буйлашов атындагы № 8 орто мектеби;
  • Ли Дарья – Бишкек шаарынын № 70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  • Ниязбеков Жумадил – Жалал-Абад облусунун Жаныбеков атындагы № 46 орто мектеби;
  • Асаналиев Актан – Бишкек шаарынын Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  • Мажитова Индира – Ош шаарынын Тангатаров атындагы мектеп-гимназиясы;
  • Осмонбаев Айбек – Бишкек шаарынын № 70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  • Сабиров Самир – Бишкек шаарынын № 70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  • Ыдырысов Бекзат – Бишкек шаарынын № 67 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  • Абдурахманов Ясин – Чүй облусунун Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи;
  • Алымбеков Арслан – Бишкек шаарынын № 62 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  • Асылбеков Карим – Бишкек шаарынын Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк балдар лицейи;
  • Сулаев Арзыбек – Нарын облусунун Субакожоев атындагы Нарын лицейи;
  • Тургамбаев Элдос – Бишкек шаарынын Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  • Царенков Дмитрий – Бишкек шаарынын Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин лицейи;
  • Акжигитова Дилбара – Бишкек шаарынын Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын алдындагы лицейи;
  • Асанкулов Эсентур – Токмок шаарынын Пушкин атындагы № 1 гимназия-мектеби;
  • Баргыбаев Азамат – Бишкек шаарынын Токомбаев атындагы № 24 мектеп-гимназиясы;
  • Жусубалиев Сыймык – Бишкек шаарынын Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк балдар лицейи;
  • Камбараалиева Жамиля – Бишкек шаарынын Бобулов атындагы № 88 жалпы орто билим берүү мектеби;
  • Камчибекова Айдана – Бишкек шаарынын № 62 мектеп- гимназия окуу-тарбия комплекси;
  • Мамасалиева Алмаш – Ош облусунун Келдибаев атындагы № 25 орто мектеби;
  • Маматбаева Нурзат – Ош облусунун “Араван Билим-Ордо” билим берүү мекемеси;
  • Осукеева Айсулу – Бишкек шаарынын Новопавловка гимназия орто мектеби;
  • Чойбаева Каухар – Бишкек шаарынын № 13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы;
  • Шмыговский Никита – Бишкек шаарынын № 12 мектеп-гимназиясы;
  • Абдимиталипов Шерболот – Ош шаарынын “Олимп” мектеп-гимназиясы;
  • Асанов Темирлан – Бишкек шаарынын Токомбаев атындагы № 24 мектеп-гимназиясы;
  • Валиев Тенгиз – Бишкек шаарынын Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  • Джолоочуева Бермет – Бишкек шаарынын “Билимкана” билим берүү мектеби;
  • Доронбеков Бектемир – Жалал-Абад облусунун Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи;
  • Жаркынбаев Жанбол – Нарын облусунун Субакожоев атындагы Нарын лицейи;
  • Кадырбеков Сапарбек – Жалал-Абад облусунун Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи;
  • Карабаев Темирлан – Бишкек шаарынын Новопавловка гимназия орто мектеби;
  • Карабаев Айтуар – Бишкек шаарынын № 62 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  • Михайлов Никита – Токмок шаарынын Пушкин атындагы № 1 гимназия-мектеби;
  • Пазылбекова Салтанат – Бишкек шаарынын Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  • Туратов Асанбек – Бишкек шаарынын № 12 мектеп-гимназиясы;
  • Хуснияров Рамир – Бишкек шаарынын № 37 гимназия-мектеби;
  • Чолпонкулов Байэл – Бишкек шаарынын Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  • Шакирова Ширин – Бишкек шаарынын № 9 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  • Турсунов Абдумалик – Ош шаарынын “Профессор Купуев атындагы” мекемеси;
  • Ишенбекова Айчүрөк – Бишкек шаарынын № 70 мектеп- гимназия окуу-тарбия комплекси;
  • Шумкарбеков Нурсултан – Баткен облусунун Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи.

Пикир

Оставить комментарий