Быйыл Кыргызстанда 73 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт

Билим 0

Бишкек, 13.05.24. / Кабар/. Быйыл Кыргызстанда 73 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-2024-окуу жылында 11-классты 73 миң 51 окуучу аяктаса, ал эми 9-классты 128 миңден ашык окуучу бүтүрөт.

Белгилей кетсек, өлкөнүн бардык мектептеринде “акыркы коңгуроо” салтанаты 25-майда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий