• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Быйыл Кыргызстанда 95,5 млн долларлык эки ири долбоор ишке ашырылды — Асанов

Экономика 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда эки ири долбоор ишке ашырылды. Алар “Жамгыр” алтын фабрикасынын курулушу жана Novotel мейманканасынын ачылышы. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында инвестициялар министринин орун басары Улан Асанов билдирди.

Анын айтымында, “Жамгыр” алтын фабрикасынын долбоорунун суммасы болжол менен 6 млрд сомду (70,5 млн доллар), ал эми мейманканын долбоору 25 млн долларды түзөт.

“2019-жылы 1 млн долларлык кийим тигүүчү фабрикасы жана 40 млн долларлык алюминий заводу ишке ашырылды. 2020-жылы Кайыңды кабель заводунда металл заводун куруу долбоору ишке ашырылды. Долбоордун суммасы 50 млн долларды түзөт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий