Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Быйыл чет өлкөдө Кыргызстандын дарбызына суроо талап өсүп, экспорттун көлөмү 360%га жогорулады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Кыргызстанда дарбыз негизинен Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында көп айдалат. Акыркы жылдары чет өлкөдө Кыргызстандын дарбызына суроо-талап күн санап өсүүдө, көбүнчө Россия, Казакстанга жана башка КМШ өлкөлөрүнө экспорттолот.
Алсак, республикада 2024-жылы жалпы 252 миң 720 тонна дарбыз жыйналды. Анын ичинен Казакстан жана Россия өлкөлөрүнө 1 376,6 тонна дарбыз экспорттолуп, көлөм 360%га өстү. 2023-жылы экспорттун көлөмү 295 тоннаны түзгөн.
Дарбыз — бул даамдуу жана пайдалуу азык. Ал көптөгөн витаминдерди камтыйт жана 90% суудан турат, ошондой эле организмдеги суу балансын сактоого жардам берет. Ал сергитет жана ден соолугубузду чыңдайт.
Пикир
Оставить комментарий