• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Быйыл Кыргызстанда ЖРТга 52 миңге чукул бүтүрүүчү катышты

Билим 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө 51 миң 946 миң бүтүрүүчү катышты. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева билдирди.

Министр белгилегендей, быйыл тестирлөөгө катышкандардын 60-62%ы босого баллдан (115 балл) ашты. Өткөн жылы бул көрсөткүч 58,3%ды түзгөн.

"Бул шаарларда жана аймактардагы мамлекеттик же жеке менчик мектепте окуган балдардын билим деңгээлиндеги айырма анча деле чоң эмес экенин көрсөтүп турат. Кызыктуу жагдай: мурда “алтын” аттестат алган бүтүрүүчүлөрдүн арасында кыздар көп болсо, быйылкы жылкы бүтүрүүчүлөрдүн арасында эркек балдар көп. Баадык бүтүрүүчүлөргө бактылуу келечек каалайм, алар өз өлкөсүнүн патриоттору болушсун. Силер биздин кооз Кыргызстаныбыздын келечегисиңер", - деди Кендирбаева.

Ошондой эле министр бүтүрүүчүлөр интеллектуалдык адамдык капиталды өнүктүрүүгө чоң салым кошот деп ишенет.

Пикир

Оставить комментарий