• 87
  • 90.41
  • 0.84

Быйыл милиция кызматкерлери тарабынан пара талап кылуу боюнча 17 факты катталган

Коом 0

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. 2022-жылы милиция кызматкерлери тарабынан пара талап кылуу боюнча 17 факты катталган. Бул тууралуу ИИМдин ички иликтөө кызматынын жетекчиси Жолболду Көчкөнов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жыл ичинде 59 милиция кызматкерине жалпы 39 кылмыш иши козголду.

“Алардын ичинде кызматтан бошотулган, камакка жана кызматтан алынган кызматкерлер бар. 39 фактынын ичинен 17си пара талап кылуу боюнча козголгон. Анын көбү Бишкек менен Чүйдө катталган”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий