• 87
  • 90.41
  • 0.84

Быйыл Ош шаарына 100 миңге жакын көчөт отургузулат

Аймак 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Ош шаарында көчөт отургузулуп, көрктөндүрүү иштери башталды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, күн мурун, 5-февралда Ош шаарын көрктөндүрүү максатында Осмонов көчөсүнө 200гө жакын ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду. Алгачкы көчөт отургузуу иш-чарасына шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, тийиштүү ишканалардын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

2020-жылы “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан шаарга жалпысынан 800 түп ийне жалбырактуу, 1500 түп жазы жалбырактуу жана 80 миң түп бадал көчөттөрүн отургузуу пландалууда.

"Шаарыбызды көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурабыз. Жаз айында шаарыбызга 10 миң даана жоогазын гүлүн жана жалпысынан 2 млнго жакын ар түрдүү гүлдөр эгилет. Мындан сырткары муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан шаарыбыздын аймагына 20 миң түп дарактардын ар башка көчөттөрү отургузулат. Ак-Бууранын жээгине Япониянын сакура дарагын отургузууну пландап жатабыз”, - деди мэр Сарыбашов.

Пикир

Оставить комментарий