• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Быйыл Ош шаарында 30 миңден ашуун көчөт отургузулат

Коом 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Ош шаарында быйыл 30 миңден ашуун көчөт отургузулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-февралда Ош шаарынын Ата-Түрк паркына шаарды жашылдандыруу максатында 40 түп ак кайың көчөттөрү отургузулду.

Көчөттөрдү отургузууга Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, шаардык кеңештин депутаты Максат Маматкулов, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жетекчилиги, МАБ өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.

2023-жылы “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан жалпысынан 500 түп ийне жалбырактуу, 500 түп жазы жалбырактуу жана 20 миң түп бадал көчөттөрүн отургузуу пландалууда.

“Президенттин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” жарлыгына ылайык жана Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасынын негизинде быйыл шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулат. Бул жылы Ош шаарына 1,5 миллионго жакын гүл, анын ичинде 10 миң жоогазын көчөттөрү отургузулат”, - деди Жунусбаев.

Мындан сырткары, муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан 10 миң түптөн ашуун дарактардын көчөттөрү отургузулат.

Пикир

Оставить комментарий