Бишкек, 30.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Президент Садыр Жапаров быйыл 25 маанилүү жана натыйжалуу иш сапарга чыкты. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, мында Кыргызстан Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Малайзия, Түркия, Өзбекстан, Түштүк Корея өлкөлөрү жана Евробиримдик менен стратегиялык жана өнөктөштүк мамилелердин деңгээлин көтөрдү.
"Тышкы иштер министрлиги тарабынан 552 эл аралык, анын ичинде 117 эки тараптуу, 435 көп тараптуу келишимдер иштелип чыгып, кол коюуга даярдалды. Андан тышкары, жогорку деңгээлде 150 тышкы саясий иш-чаралар уюштурулса, анын 78и Кыргызстанда, ал эми 72си чет өлкөлөрдө болгон", - деди Кулубаев.
Пикир
Оставить комментарий