• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Быйыл саламаттык сактоонун бюджети 42,4 млрд сомду түздү – Акылбек Жапаров

Экономика 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. 2024-жылы саламаттык сактоонун бюджети 42,4 млрд сомду түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 3,6 миллиардга жана 2020-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, мамлекет саламаттыкты сактоо тармагын жигердүү өнүктүрүүнү улантып жатканы, бул бюджеттин олуттуу көбөйүшү жана медицина кызматкерлеринин эмгек шарттарынын жакшырышы менен тастыкталууда.

"Медицина кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулады. 2021-жылы үй-бүлөлүк дарыгерлер жана жалпы практикадагы дарыгерлер үчүн 100%га, калгандарыныкын 50%га 2024-жылды дагы көтөрүлдү, дарыгерлердин айлык акысы 50%га, орто медициналык персоналдын айлык акысы 20%га, кенже тейлөөчү персоналдын, тез жардамдын айдоочуларынын акысы 10%га жогорулады.

Алыскы аймактарга адистерди тартуу максатында 2024-жылдын 1-июлунан баштап клиникалык ординаторлор жана интерн-врачтар үчүн стипендиялар, ошондой эле жогорку адистештирилген дарыгерлерге квартал сайын компенсация төлөмү киргизилди. Бул өлкөнүн тоолуу аймактарында медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртат", - деди ал.

Ошондой эле минкаб төрагасы саламаттык сактоонун инфраструктурасын жаңылоонун алкагында 2024-жылы 22 объект курулуп, анын ичинен 7 объект ишке киргизилгенин айтты.

"Акыркы эки жылда 8 компьютердик томограф сатылып алынып, дүйнөлүк стандарттагы рентген-хирургиялык борбор ачылды, бул жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун санын кыскартууга салым кошот", - деп кошумчалады Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий