Быйыл Сокулук районунда 25 чакырым СИП аба чубалгысын тартуу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 23.04.24. /Кабар/. 2014-жылы Сокулук районунда 25 чакырым СИП аба чубалгысы тартылып, 1286 трансформатор оңдоодон өтөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук РЭТинин энергетиктери тарабынан алдыдагы күз-кыш мезгилине карата райондун айылдарында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат.

2024-жылга карата пландаштырылган иштердин алкагында Сокулук районунда төмөнкүдөй иштер жүрөт:

  • 25 чакырым изоляцияланган СИП аба чубалгысын тартуу;
  • 195 даана трансформатордук көмөк чордонду капиталдык оңдоодон өткөрүү;
  • 112 чакырым аба чубалгыларын оңдоо;
  • 1286 даана трансформатордук көмөк чордонду техникалык жактан тейлөө;
  • 1966 чакырым аба чубалгыларын техникалык жактан тейлөө, аба чубалгыларына тийип калган бак бутактарын кесүү;
  • 5 даана кошумча трансформатордук көмөк чордон орнотуу.
  • 13 даана трансформатордук көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылат.

Белгиленгендей, пландаштырылган оңдоп-түзөө иштери убагында эртең менен саат 09:00дөн кечки саат 17:00гө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт.

Ошондой эле "Мой свет" мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет. Бул иштер келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн жасалууда жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо сапатын жакшыртат.

Электр энергиясы боюнча суроолор болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна 105, 1209, 0772001209, 0702001209, 0556001209 (Ватсап) номерлерине кайрылсаңыз болот.

Пикир

Оставить комментарий