• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Быйыл соцобъектилерди курууга жана капиталдык оңдоого дээрлик 11 млрд сом бөлүндү

Коом 0

Бишкек, 18.12.23. /Кабар/. 2023-жылы социалдык-маданий объектилерди курууга жана капиталдык оңдоого жалпысынан 10,9 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык-чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын айтымында, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 2 эсе көп, алардын ичинен:

1. Республикалык бюджеттен "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча 527 социалдык объектиге 5,1 млрд сом каралып, анын ичинен:
- 333 курулуш объектисине - 3 млрд 310,3 млн сом;
- 121 капиталдык оңдоо объектилерине – 837,9 млн. сом.

2. "Мамлекеттик казыналык облигациялар" (МКК) аркылуу социалдык объектилерди курууга 5,8 млрд сом каралган.

"Быйылкы жылга карата президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, республика боюнча 100 мектеп куруу мерчемделген. Азыркы учурда алардын 84 мектеби бүткөрүлдү, калган 16 мектеп пайдаланууга берүү стадиясында турат жана жылдын аягына чейин берилмекчи. Ошого карабастан, биз мектептердин санын 110 го жеткиргенге аракет кылуудабыз", - деди ал.

Мындан тышкары, Орунтаев 2023-жылы 10 бала бакчанын курулушун жана 1 бала бакчанын имаратын оңдоп-түзөө пландалган, бүгүнкү күнгө карата 8 бала бакча пайдаланууга тапшырылды, калган 2 бала бакча жыл аягына чейин ишке берилерин кошумчалады.

Анын айтымында, 2023-жылдын аягына чейин жалпысынан 165 объект ишке берилет, азыркы күнгө карата 125 объектинин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери аяктады:

- 120 (97) курулуш объектиси (100) мектеп жана мектептердин спорттук залдары, 10 бала бакча, 1 саламаттык сактоо объектиси, 7 маданият жана спорт объектиси, 2 башка объект);
- капиталдык оңдоонун 29 объектиси (14 мектеп, 1 бала бакча, 3 саламаттык сактоо объектиси, 2 маданият жана спорт объектиси, 4 турак үй, 5 (4) башка объект);
- таза суунун 16 (14) объектиси.

Ошондой эле Мамкурулуш агенттигинин директору белгилегендей, быйыл Баткен облусуна өзгөчө көңүл бурулду, анын ичинде Лейлек жана Баткен районунун айылдары калыбына келтирилди жана жарактан чыккан 420 үйдү өз мөөнөтүндө, сапаттуу кылып, бардык шарттары менен жаңыдан куруп, жабыркаган жарандарыбызга тапшырылды. Мындан тышкары, 2023-жылы Баткен облусу боюнча 21 объект бүткөрүлүп, ишке берилди (9 курулуш, 8 капремонт, 4 таза суу объекттери).

Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү тарабынан азыркы учурда курулуп жаткан объекттердин реестрине 3039 объект киргизилген. Анын ичинде 2459 - капиталдык курулуш объекттери, 580-чакан объекттер. Жалпысынан 2023-жылдын жыйынтыгы менен 663 объект пайдаланууга берилди.

Пикир

Оставить комментарий