Быйыл Талас облусуна жалпы 9 жаңы трансформатор орнотулат

Аймак 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Талас облусуна 2024-жылы жалпы 9 даана жаңы трансформатор орнотулуп, 1 222 трансформатор техникалык тейлөөдөн өтөт.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Айтматов районуна 4 даана кошумча трансформатор орнотулат. Жалпы Айтматов районунда 323 даана трансформатор бар. Анын ичинен 33 даана трансформатор капиталдык оңдоодон өтсө, 276 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт;
  • Манас районунда жалпы 169 даана трансформатор бар жана анын 25 даанасы капиталдык оңдоодон өткөн. 2. 127 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт. Ошондой эле 2 даана трансформатор 100 кВА ден-160 кВА кубаттуулугу жогорулайт;
  • Талас шаарында жалпы 195 даана трансформатор бар, анын 22 даана трансформатор капиталдык оңдоодон өтсө, 173 даана трансформатор техникалык тейлөө иштеринен өткөрүлөт. Ошондой эле кошумча жаңы трансформатор 1 даана коюлат жана 1 даана трансформатордун кубаттуулугу 160 кВА ден 250 кВА га алмаштырылат;
  • Бакай-Ата районунда 4 даана кошумча трансформатор орнотулат жана 43 даана трансформаторго ремонт иштери аткарылса, 260 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өтөт. Ошондой эле 1 даана трансформатордун кубаттуулугу 250 кВАден 400 кВА га алмаштырылат;
  • Талас районунда жалпы 482 даана трансформатор бар. Анын 62 даана трансформатор капиталдык ондоодон өтсө, 386 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт. Ошондой эле 1 даана трансформатор 100 кВА ден - 160 кВА кубаттуулугун алмаштыруу иштери аткарылат.

Пикир

Оставить комментарий