• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Быйыл Өзбекстанда мамлекеттик план боюнча пахта чогултуу жоюлат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Өзбекстанда 2020-жылы пахта чогултуу учурунда мамлекеттик планды аткаруу жана мамлекеттик буюртма берүү системасы жоюлат. Шаар жана район башчылары пахта терим менен алектенбей калат. Бул тууралуу Өзбекстандын айыл чарба министри Жамшид Хожаев билдирди.

Хожаевдин айтымында, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 4-февралда айыл чарбасы боюнча жыйын учурунда тиешелүү буйрук берген.

«Мамлекеттин сунушу менен айдап-себүү иштерин жүргүзүү айыл чарба тажырыйбасына карама-каршы келет деп эсептейм», – деди Жамшид Хожаев.

Буга чейин Өзбекстан пахта жана дан эгиндерин өндүрүү боюнча мамлекеттик пландан акырындык менен баш тартууга умтулуп жатканы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий