• 87
  • 90.63
  • 0.79

Быйыл Өзбекстандын жашылча-жемиш экспорту 2 млрд доллардан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 03.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Быйыл Өзбекстандан азык-түлүк экспорту өткөн жылга салыштырмалуу 370 млн долларга өсүп, 2 млрд доллардан ашты. Бул тууралуу өлкө президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, экспортту жыл бою камсыз кылуу үчүн Өзбекстанда тоңдуруунун заманбап (шок) технологиясы киргизилет. "10 агро борборлор, миңден ашык муздаткыч кампалар жана 40 миң гектардан ашык өндүрүштүк интенсивдүү бактар жана жүзүмзарлар түзүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Быйыл Өзбекстан өрүк экспорту боюнча дүйнөдө 3-чү, алча жана шабдалы экспорттоо боюнча 7-чи, буурчак өсүмдүктөрү боюнча 10-чу орунда турат. Жалаң гиластин өзү 16 өлкөгө экспорттолот.

Учурда Өзбекстанда 3,2 млн гектар сугат жери бар, анда жер-жемиштер жана өнөр жай сырьёлору өстүрүлөт. Соңку жылдары мурда пахта жана дан эгиндери ээлеп турган 260 миң гектар жер калкка пайдалануу үчүн бөлүнүп берилген болсо, келечекте дагы 104 миң гектар жер бөлүү пландалып жаткандыгы айтылат.

Пикир

Оставить комментарий