• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Билим берүү министрлиги: Жаңы окуу жылында 27 мектеп, 13 бала бакча пайдаланууга берилет

Билим 0

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Кыргызстанда быйыл жаңы окуу жылында 40 билим берүү мекемесинин имараты пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу билдирди.

Анын айтымында, анын 27си мектеп болсо, 13ү бала бакча.

Белгилей кетсек, 2024-жылы 100дөн ашуун социалдык мааниге ээ объектилерди ишке киргизүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий