Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Быйыл Жалал-Абад облусунда социалдык объекттердин курулушуна 58 млн 662 миң сом каралган. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.
Анын айтымында, учурда 21 объектиде курулуш иштери башталган.
"Ошондой эле 2 объектте капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Таза суу боюнча 3 объектте иштер жүрүүдө", - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий