Былтыр 158 миңден ашуун наристе төрөлгөн. Балдарды коргоо күнүнө карата сандар жана фактылар

Коом 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2020-жылдын аягында 340 миңден ашык бала жашаган үй-бүлөлөр социалдык жактан корголбогон, абалы оор үй-бүлөлөр болуп катталган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү.

Балдарды коргоо күнү жай мезгилинин биринчи күнүнө туш келип, дүйнө жүзү боюнча 1950-жылдан бери белгиленип келет. Бул күн балдардын укуктарын, өмүрүн жана ден-соолугун коргоо керектиги жөнүндө коомго эскертүү берип турат. 2021-жылдын башында Кыргызстанда курагы 18 жашка чейинки 2 млн 512 миң бала жашаган, алардын жарымынан көбүн (51%) эркек балдар түздү. 2020-жылдын башына салыштырмалуу балдардын саны 56 миң балага же 2,3%га көбөйдү.

Үстүбүздөгү жылдын башында балдардын жалпы санынан:

44%ы - 7 жашка чейинки балдар (1 млн 118 миң адам);

43%ы - 7-14 жашка чейинки балдар (1 млн 74 миң адам);

13%ы - 15-17 жаштагы өспүрүмдөр (320 миң адам).

Балдардын көпчүлүгү (67%) айыл жергесинде жашашат.

2020-жылы 158 миңден ашык бала төрөлгөн, алардын ичинен 81 миңи эркек балдар жана 77 миңи кыздар, башкача айтканда, кыздарга караганда балдар көбүрөөк төрөлгөн.

Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын бештен бир бөлүгүнө жакыны (19%) бул катталган никеде турбаган энелердин балдары. Бирок, акыркы жылдары мусульмандардын салтына ылайык, никелешеүү кеңири жайылып кеткендигин белгилей кетүүгө болот. Ошондуктан юридикалык никеге турбай төрөлгөн балдардын жарым-жартылай бөлүгүнүн иш жүзүндө атасы да энеси да бар. Муну менен бирге, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын санынан 50% ата-энесинин биргелешкен арызы боюнча, ал эми 50% - энелеринин гана арызы менен катталган, мындай балдар үй-бүлөдө атасыз тарбияланышат.

Өлкөдө жугуштуу ооруларды төмөндөтүү максатында оорулардын алдын алуу боюнча эмдөө иш-чаралары жүргүзүлөт. 2020-жылы 99,6% кургак учукка каршы эмделген 1 жашка чейинки балдарды камтыды, көк жөтөл, дифтерия жана столбняк - 87,1%, корь, эпидемиялык паротит жана краснухага каршы эмделгендердин саны – 93%ды түздү. 2020-жылдын аягына карата республикада 18 жашка чейинки жаштагы майыптуулугу бар 32 миңден ашык бала эсептелген, бул ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жалпы санынын 16,5 пайызын түзөт. Жыл сайын 4 миңге жакын бала биринчи жолу майыптуулук статусун алышат.

2020-жылдын аягында үй-бүлөлүк тарбияланууда 13,9 миң бала болгон, анын ичинен 5,4 миңи томолой жетимдер, анын 8,3 миңи – камкордук көрүүдө жана башкалардын багуусунда, 5,6 миң бала багып алынган. 2020-жылдын ичинде ата-энесинин багуусусуз калган 18 жашка чейинки курактагы 1,9 миң балдар жана өспүрүмдөр табылган, анын ичинде 674 - томолой жетимдер.

2020-жылы 1 263 бала камкордуккка жана башкалардын багуусунда үй-бүлөлөрдүн тариялануусуна алынган, алардын ичинен 643 бала - кыргыз үй-бүлөсү, 7 – чет өлкөлүк жарандар тарабынан багып алынган. 2020-жылы балдар үйлөрүндө жана жетим балдар үчүн мектеп-интернеттарда ата-энесинин кароосу жок калган 2 миңге жакын жетим бала жашаган.

2020-2021-окуу жылынын башында республикада 2 296 күндүзгү жалпы билип берүү мектептери иштеген, анда 1 млн 357 миң бала окуган. Алардын ичинен ар турдүү предметтерди тереңдетип окутуучу 424 мектептерде 334,8 миң бала, 141 гимназияда – 182,8 миң бала жана 64 лицейде – 43 миң бала окуган.

Мектепке чейинки даярдыктан өткөн балдардын саны өсүүдө. 2020-2021-окуу жылынын башында биринчи класска кабыл алынган балдардын санынан 87% жакыны (же 131 миң бала) мектепке чейинки даярдыкты алышкан, ал эми 2016-2017- окуу жылдарында биринчи класстардын арасынан мектепке чейинки даярдыктан өткөндөрдүн саны 76% түзгөн. Балдардын негизги бөлүгү (51%дан ашык) 240 сааттык программа боюнча жана 17% жакыны 480 сааттык программа боюнча мектепке чейинки даярдыктан өткөн.

Пикир

Оставить комментарий