Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Былтыр, 2019-жылы 498 миң чет элдик Россиянын жарандыгын алган. Бул тууралуу Тажикстандын телеграф агенттиги жазат.
Агенттик жазгандай, Россия жарандыгын алгандардын сап башында украиналыктар турат – 300 миңге жакын. Ошондой эле РФ жарандыгын алгандардын катарында Казакстан жарандары бар – 50,5 миң, тажик жарандары – 44,7 миң, өзбек атуулдары – 19,4 миң, кыргызстандыктар – 9,3 миң жана түркмөнстандыктар – 1,4 миң киши.
Пикир
Оставить комментарий