• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Былтыр Аксы жана Токтогул районунда милициянын көчмө кабылдамасы 160тан ашык арыз кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында милициянын көчмө кабылдама унаасы менен кызматкерлер алыскы айылдарга чейин барышып, профилактикалык иштерди жүргүзүшүүдө.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Аксы жана Токтогул районунда милициянын көчмө кабылдама унаасында арыз-даттануулар жеринде кабыл алынып, мыйзам чегинде чаралар көрүлүп жатат. Жергиликтүү тургундарга юридикалык кеңештер берилип, айрым маселелер жеринде чечилүүдө.

Ошондой эле ата-энелер жана мектеп окуучулары менен болгон жолугушууларда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу керектиги талкууланды. Жаш өспүрүмдөр арасында ар кандай кокустук, топтошуп мушташууларды болтурбоо максатында бергелешип иштөө зарылдыгы белгиленди. Мындан сырткары, мал уурулуктарынан сак болуу, өз малдарын талаага кое берип, көзөмөлсүз калтырбоо керектиги эскертилди.

Өткөн жыл ичинде милициянын көчмө кабылдама унаасы Аксы районунда 44 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 55 жаранды кабыл алса, Токтогул районунда 100 жолу айылдарды аралап, 118 кайрылуу кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий