• 87
  • 89.68
  • 0.84

Былтыр “Ала-Арча” жаратылыш паркынын жылдык кирешеси 232 млн сомду түздү

Коом 0

Бишкек, 09.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. 2024-жылы “Ала-Арча” жаратылыш паркынын жылдык кирешеси 232 млн сомду түздү. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Ала- Арча” мамлекеттик жаратылыш паркы мекемесинин директорунун орун басары Кубанычбек Жекшенбеков билдирди.

Ал белгилегендей, жылдык киреше 2024-жылга коюлган пландан 32 млн сомго көп болду.

“Мындай көрсөткүчкө президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин жетекчилиги астында жетише алдык. Бардык аракеттер парктын инфраструктурасын жакшыртууга, туристтердин келүүсүн арттырууга жана аймактын экономикалык өсүшүн камсыздоого багытталган. Мындан эки жыл мурун жылдык киреше 51 млн сомду түзгөн. Мындан сырткары, эки жыл мурун “Ала-Арча” жаратылыш паркында 72 эле жумуш оруну болгон. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч эки эсеге өсүп, учурда 148 жумуш оруну бар. Жөн гана жумуш оруну түзүлбөстөн, аны менен катар жумушчулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий