Бишкек, 22.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Былтыр Кара-Кече кенинен жалпы 1,5 млн тонна көмүр казылды. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Кайрат Маматов радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, анын 520 миң тоннасы Бишкек ЖЭБге жеткирилип, 790 миң тоннасы калккты камсыздоого жумшалды. Ал эми бүгүнкү күндө кампаларда 180 миң тонна көмүрдүн запасы бар.
“Өлкө боюнча 75 социалдык көмүр кампалары ачылган. Мурун рынокту жалпы көзөмөлгө алуу аябай кыйын болчу. Акыркы 3 жылда биз кампаларды ачып, көзөмөлгө алуу бир кыйла жеңил болуп калды. Бирок, дагы эле көмүрдүн наркын көтөрүп саткандар аныкталып жатат. Өлкө боюнча былтыр жалпы 56 факт катталды. Ал эми көмүрдү жеткирүү боюнча көйгөйлөр жок”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий