• 87
  • 89.68
  • 0.84

Былтыр өлкөнүн айыл чарбасынын дүң продукциясы 344,1 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 09.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. 2024-жылы өлкөнүн айыл чарбасынын дүң продукциясы 344,1 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 6,1%га өстү. Анын ичинен мал чарба продукциясын 156 млрд 219 млн сомду түзсө, өсүмдүк өстүрүүчүлүк 174 млрд 926 млн сом болду.

“Бул жылы кайра иштетүү тармагына да өзгөчө көңүл бурулду. 10 айдын жыйынтыгы боюнча 70 млрд 572 млн сом өлчөмүндө товар иштелип чыкты. 2023-жылга салыштырганда 15 млрд сомго көп болду. Буга чейин кайра иштетүүдө мындай көрсөткүч болгон эмес. Өсүү темпи 122 пайызды түздү. Өлкөдө макроэкономикалык абал туруктуу болуп өнүгүү жолуна түштү десем жаңылбайм”,-деди ал.

Керималиев кошумчалагандай, кант кызылчасы да рекорддук көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, түшүмдүүлүк былтыркыдан 319,7 миң тоннага көп болду.

Пикир

Оставить комментарий