Былтыр Өзбекстанга 483 мигранттын сөөгү алып келинген

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 20.01.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. 2024-жылы Өзбекстанга башка өлкөлөрдөн 483 мигранттын сөөгү алып келинген. Бул тууралуу Өзбекстандын министрлер кабинетине караштуу Миграция агенттигинин бөлүм башчысы Нигора Исроилова билдирди, деп маалымдайт мекеменин басма сөз кызматы.

Анын айтымында, сөөктөрдү жеткирүүгө кеткен чыгымдар мамлекеттик бюджеттен каржыланган. Өлкөсүнө жараша алар 1000 АКШ долларынан (Россиядан) 4000-5000ге (Улуу Британия) жана 9000ге (Корея, Япония) чейин жетет.

"Маркум Өзбекстандын жараны болсо жана анын жакындары мекемеге жардам сурап кайрылса гана транспорттук жардам көрсөтүлөт", - деп кошумчалады ал.

Мекеменин маалыматына ылайык, сөөктөрдүн көбү Россиядан (474), Түркиядан (5), калган төртөө Корея менен Казакстандан алып келинген.

Мекеменин жардамы менен былтыр татаал кырдаалга кабылган 775 жаран жана оор жаракат алган 182 адам Өзбекстанга кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий