• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Былтыр Жалпы республикалык тестирлөөнү тапшырууда 20га жакын эреже бузуу фактысы болгон – Валькова

Билим 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Былтыр Жалпы республикалык тестирлөөнү тапшырууда 20га жакын эреже бузуу фактысы болгон. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Инна Валькова билдири.

Ал, так санды айта албаса да, былтыр мурдагы жылдарга караганда телефон алып кирүү, бирөөнүн ордуна кирүү жана башка фактылар аз катталганын белгиледи.

"Андай учурлар 20дан ашкан жок", - деди ал.

Белгилей кетсек, быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 26-февралда башталган жана 3-апрелде аяктайт. Бул жылы тестирлөө 15-20-май аралыгында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий