• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Быстровка ГЭСине жаңы дизелдик генератор орнотулду – Энергетика министрлиги

Аймак 0

Бишкек, 16.08.24. /Кабар/. Быстровка ГЭСине жаңы дизелдик генератор орнотулду.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, аталган ГЭС "Чакан ГЭС" ААКка таандык.

"Генератор 380 В кубаттуулугу менен иштеп, ал суу тосмонун, ачып-жапма дарбазасынын көтөргүчтөрүн резервдик электр энергиясы менен камсыздоо үчүн жана алардын ишенимдүү иштешин, ошондой эле башка электр системаларынын ишин камсыздайт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, мурдагы генератор узак убакыт иштеп, кубаты жетишсиз болгондуктан жарактан чыгып, аны алмаштыруу зарылчылыгы келип чыккан.

Маалымат үчүн: ASCL28S үлгүсүндөгү жаңы еврокожуху бардизелдик генератор 2023-жылы Кытайда өндүрүлгөн. Кубаттуулугу 25 кВА түзөт. Бул генератор жабдуулардын туруктуу иштешин камсыздап гана тим болбостон, ГЭСтин эксплуатациясынын жалпы коопсуздугун да жогорулатат.

Пикир

Оставить комментарий