Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин 2017-жылдын титулдук тизмеси боюнча, жол белгилерин, чийиндерин жана чырактарын оңдоо жана орнотуу иштерине жалпысынан 12 430,0 миң сом пландаштырылган. Бүгүнкү күнгө чейин 816 тиешелүү жол белгилери орнотулган. Учурда жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн С.Жээнбеков баш болгон өкмөт тарабынан комплекстүү иш-чаралар жүрүп жатат.
Жолдордун абалы туурасында көйгөйлүү маселелер жакында өткөн министрлер кабинетинин жыйынында каралып, анда премьер-министр С.Жээнбеков өспүрүмдөрдүн жана жалпы жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тезинен чара көрүүнү талап кылган.
Премьердин бул маселеге көңүл буруп жатканы бекер жеринен эмес. Анткени, үстүбүздөгү жылдын апрель-май айларында мектеп окуучуларынын кырсыкка учураган трагедиялуу окуялар абдан көп болду. Болгондо да булардын көпчүлүгү мектептердин жанында болуп атты. Болбосо, айдоочулардын эң көп көңүл буруп өтчү жери - мектептер. Мектептин алдында жөө өткөөл чийиндердин жана жасалма бөгөттөрдүн жетишпестигине даттанган ата-энелер да көп болгонуна карабастан, айдоочулар мектептердин жанынан ылдамдыгын түшүрүүнүн ордуна кайрадан шуулдатып айдап өткөн учурлар көп кездешет.
Чочулаткан статистика
Акыркы учурлардагы статистикалык көрсөткүчтөр тынчсыздандырбай койбойт. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2017-жылдын 4 айында эле 1684 жол кырсыгы катталган, анын 336сы балдардын катышуусу менен болгон.
Коопсуздук кеңешинин жол коопсуздугу боюнча июлда өткөн жыйынында берген маалыматтары да кооптондурбай койбойт. 2000-жылдан бери өлкөдө 81 313 кол кырсыгы катталып, 16 723 киши каза болгон, 111 191и жараланган. Ар бир бешинчи жол кырсыгында, андай учур 17 557 жолу болгон, 2 103 өспүрүм каза болуп, ал эми 18 173си жараат алган. 2009-жылдан бери өспүрүмдөрдүн катышуусу менен болгон кырсыктар эки эсеге жакын өскөн.
Мындай кырдаалды дароо чечүү үчүн май айында өкмөт башчысы С.Жээнбеков жол абалын түзөтүү боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдарга тапшырма берди. Премьер жол четинде жайгашкан мектептердин жолунун инфраструктурасын жабдуу боюнча керектүү белгилер, бөгөттөр, жол чырактары коюлуп жана чийиндери чийиле турган жерлердин картасын түзүүнү талап кылды.
Жаңы окуу жылына карата даярдыктар
Майда өткөн жыйында өкмөт башчы С.Жээнбеков: «Жолго жакын мектепдерде окуган өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу ашыкча күч-аракет жумшоону талап кылбайт». «Болгону өспүрүмдөрдүн жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ички иштер органы, билим берүү системасы жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу кызматкерлеринин биргелешип комплекстүү иштешин күчөтүү керек, окуучулардын жол коопсуздугун сактоо үчүн ички иштер органдарынын адамдык ресурстарын тартуу керек», - деп баса белгиледи.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, Кыргызстан боюнча 537 мектеп жол боюнда жайгашкандыгы аныкталды. Булардын үчтөн бир бөлүгү Бишкекте орун алат.
Жол четинде жайгашкан мектептердин жолунун инфраструктурасын жабдуу боюнча жүргүзүлө турган иш-чаралар 4 этап менен ишке ашырылат. Бардык иш-чаралар үстүбүздөгү жылдын аягына чейин бүткөрүлөт.
Биринчи кезекте, 20-авустка чейин 99 мектептин жол инфраструктурасы жакшыртылат. Алардын жанына керектүү жол белгилери, чырактар коюлуп, бөгөттөр жасалат жана жөө өткөөл чийиндери чийилет. Чийиндер мурункудай жүк машине өткөндө бузулуп калган пластикалык ичке чийин эмес, жаңыча жасалган туурасы бир метрге жакын болот. Мындай чийиндер азырынча Бишкектеги мектептерге жакын жайгашкан машинелер тынымсыз өткөн жолдордо коюлду.
Экинчи этапта 130 мектептин 1-октябрга чейин, үчүнчүсүндө, 101 мектептин 1-ноябрга чейин, ал эми төртүнчү этапта 207 мектептин 1-январга чейин жол инфраструктурасы - белгилери, чийиндери, чырактары, мамычалары ж.б. толугу менен бүткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин 2017-жылдын титулдук тизмеси боюнча жол белгилерин, жол чийиндерин жана чырактарын оңдоо жана орнотуу иштерине жалпысынан 12 430,0 миң сом пландаштырылган. Аты аталган министрликтин жетекчиси Жамшитбек Калилов жыйында өлкөдө биринчи жолу жөө адам өткөөл чийиндери мурункудай боёк менен эмес, көпкө чыдаган атайы термопластика менен жасалып жатканын белгиледи. Жыйында өкмөт башчысы С.Жээнбеков, мамлекеттик органдарга айтылган иш-чараларды өз убактысында бүтүрүп, окуучулардын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылды.
Учурда жаңы окуу жылына карата окуучулардын жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргызстан өкмөтү жол четине жакын жайгашкан мектептердин алдына жол белгилерин жана чырактарын жайгаштырып, “жөө адам өткөөл” чийиндерин толугу менен чийип бүтүрүүнүн аракетинде.
Сүрөт жана видеого тартуу системасын киргизүү тездетилет
Премьер министр жолдордун абалын жакшыртуу жана айдоочулардын жоопкерчилигин өстүрүү жакында эле кол коюлган сүрөт жана видеого тартуу системасын киргизүү боюнча токтомду ишке ашырууну тездетүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.
Токтомдо тартуу системасы менен кармалган жол эрежесин бузгандарга карата административдик жаза пулдарынын калыптандырылышы жана аны пайдалануу каралган. Министрлер кабинетинин чечими менен, биринчи кезекте жаза пулдарынан түшкөн сумманын 50%ы жергиликтүү органдардын бюджетине которулат. Бул нерсе С.Жээнбековдун ою боюнча, Бишкек жана Ош шаарлары үчүн сүрөт жана видеого тартуу системасын тезинен жайгаштырууга түрткү берет. Мындан сырткары жол кырсыктарын азайтып, жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча долбоорду этап менен ишке ашырууга шарт түзүп берет.
«Коопсуз шаар» долбоору
Премьер мурдале коомчулук «Коопсуз шаар» долбоорунун башталышын чыдамсыздык менен күтүп жатканын айткан. Албетте, бул долбоордун тегерегинде бир топ талаш-тартыштар болгонун да айтпай кетсек болбойт.
«Таза коом» долбоорунун ишке кириши менен Бишкек жана Ошто «Коопсуз шаар» эки пилоттук бөлүгү боюнча иш-чаралар башталат. Долбоордун демилгечилери эгерде «Коопсуз шаар» пилоттук долбоорлору ишке ашырылса, ал «Акылдуу шаар» аттуу көп компоненттүү долбоорго айланат, мындайча комплекстүү көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүн болот дейт.
Коопсуздук Кеңешинин чечимине ылайык, жолдордогу абалды түп тамырынан өзгөртүү үчүн «Таза Коом» долбоорунун алкагында чаралар көрүлүп, ЖКЭ видеокаттоо системасын автоматташтыруу жана транспорттук каражаттарды жана айдоочуларды каттоо боюнча мамлекеттик органдардын онлайн режиминде бирдиктүү маалыматтык базасын түзүү иши өкмөткө тапшырылды.
Мындан сырткары, Коопсуздук Кеңеши жол эрежелерин бузгандарга карата жоопкерчиликти күчөтүү, коммуналдык жана жол кызматтарынын да жоопкерчилик алуу механизмдерин иштеп чыгууну сунуштады.
Эң маанилүүсү, калктуу аймактарда ылдамдыкты саатына 50-60 кмге, мектепке жакын жерлерде саатына 30км чейин чектөө керектигин өкмөткө сунуштады.
Бүгүнкү күндө айдоочулардын жол эрежесин сактабай атканы жол коопсуздугун сактоо боюнча адекваттуу системаны колдонууну талап кылууда. Мындай абалдын күчөп баратканы өлкөдө унаалардын көбөйгөнү, айдоо маданиятынын төмөндүгү, жолдордун инфраструктурасынын талапка жооп бербей жатканы жана жолдордо заманбап текшерүү системасынын жоктугунан болуп атат. Андан тышкары жол коопсуздугун сактоо тармагында иштеген кызматкерлердин коррупцияга батып, айдоочу күбөлүктөрүнүн текшерүүсүз сатылып атканында.
Мыйзам күчөтүлөт
Жол эрежесин бузгандарга бөгөт коюу үчүн, жол кыймылындагы бардык катышуучуларды – айдоочусунан, инспекторуна жана тийиштүү кызматкерлерге чейин жазалоо керек. Ал үчүн мыйзамды күчөтүү зарылдыгы келип чыгууда. Учурда өкмөт парламенттик сессия башталары менен Жогорку Кеңешке жол коопсуздугун камсыздоого карата сунуштардын пакетин берүүгө даярданып жатат.
Жаз айындагы жол кырсыктарынын көбөйүүсүнөн улам министрлер кабинети көптөгөн оперативдик иштерди жасады. Ал иштер азыр натыйжаларын берип баштады. Баарынан мурда жол эрежесин бузгандардын басымдуу бөлүгү табылып, жол кырсыктары салыштырмалуу азайган.
МАБ "Кабар"
Пикир
Оставить комментарий